Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы казыяттарга жана хатибияттарга берилген кызматтык автоунаалар КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын кароосунан өткөрүлдү. Текшерүүдө Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев баштаган комиссия тарабынан автоунаалардын абалы, канча жол жүргөнүнө чейин каралып, абайлап айдоо жана абалын жакшы сактоо керектиги айтылды.
Автокөөлүктөрдү техникалык кароо учурунда Талантбек ажы Темирбаев кызматтык унааларды талаптагыдай колдонбогон хатибдерге оозеки эскертүү берип, аманат болгон унааларды жакшы кароого чакырды.
«Кызматтык унааларды абайлап пайдаланып, абалын жакшы сакташы зарыл. Жеке жумуштарга, турмуш-тиричилик үчүн колдонууга, тууган-урук, тааныш досторго берип турууга да болбойт. Өз учурунда кароодон өткөрүп, аманаткөй жана кылдат мамиле кылууга чакырам», – деди БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов.
Айта кетсек, КР Президенти тарабынан диний кызматкерлерге Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү жаңы 40 автоунаа белек кылынган. Кызматтык унаалар облустук казыяттарга жана райондук хатибияттарга берилген.