Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Нарын шаарындагы «Гранд Хан-Тенри» мейманканасынын жыйын залында облус имамдарына багытталган “Ислам негиздери боюнча каржылоо” аттуу семинар өткөрүлүп, ислам финансысынын негизги принциптери – мурабаха жана мудараба тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы (КМДБ) жана ААК «Айыл Банк» Ислам терезеси тарабынан уюштурулган семинар Ханафи мазхабын бекемдөө, радикализмдин алдын алуу, фатва бөлүмүнүн алдындагы колл-центр менен байланышты күчөтүү, нике журналы, коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам банкинг системасы аркылуу соода-сатык мамилелерин шарият негизинде туура жүргүзүүгө багытталды.
Семинарга Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Акматжан Жумадыл, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, ошондой эле «Айыл банктын» ислам терезесинин жетекчиси Санжар Бапа уулу жана банк кызматкерлери катышып, баяндамаларды жасашты.
Жыйында ислам терезеси аркылуу сунушталып жаткан каржылоо жана тейлөө кызматтарынын шарият талаптарына шайкештиги, мурабаханын өзгөчөлүктөрү жана анын рибадан (кредит) айырмасы кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле мудараба, риба, гайсир жана гарар түшүнүктөрүнө токтолуп, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооптор айтылды.
Мындан тышкары, учурда мурабаха ыкмасы менен иш жүргүзүп жаткан соодагерлердин ишмердүүлүгү шариятка канчалык деңгээлде туура келери талданып, интернет айдыңында тарап жаткан туура эмес маалыматтарга да тактоо берилип, түшүндүрмөлөр айтылды.
«Айыл банктын» өкүлдөрү элди тейлөөдө колдонулуп жаткан ислам терезесинин кызматтары тууралуу кенири маалымат беришти.
Жыйын соңунда семинарга катышкан имамдарга «Айыл банктын» окуу борборунун сертификаттары тапшырылды.