Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында «Жакыпбек ата» атындагы мечиттин курулуш иштеринен кабар алды. Аталган мечиттин курулушу жакында арада толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.
Зыяратка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, КМ АК төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, АК мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана Нарын облусунун казысы Эрик Молдокуловдор катышты.
Айта кетсек, Азирети Муфтий “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын дин кызматкерлерине жеткирүү жана имамдардын укуктук маданиятын көтөрүүгө багытталган иш сапарлары менен өлкө аймагын кыдырууда.