Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 17.10.2025
  • |

Нарында аялзатына арналган семинар уюштурулду

Кечээ, 16-октябрь күнү Нарын шаарындагы Муса Баетов атындагы маданият үйүндө белгилүү дин аалымы, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов аялзатына арналган иш-чарада баяндама жасады. Иш-чара Нарын казыяты тарабынан уюштурулуп, ага жүздөгөн эже-карындаштар катышты.

Баяндамада аялзатынын коомдогу орду, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана руханий тарбия тууралуу маанилүү жана таасирдүү кеңештер берилди. Эки саатка созулган жолугушууда катышуучулар аалымдын сөзүн көңүл коюп угушту.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга суроолор берилди, активдүүлүк көрсөткөндөргө белек катары китептер тартууланды.

Абдишүкүр ажы Нарматов өз сөзүндө: “Бүгүнкү иш-чараны уюштурган Нарын казыятына жана казы Эрик Молдокуловго ыраазычылык билдирем. Кудай буюрса, бүгүн капсуласы салынган мечит бүтүп калса, ошол жерде көптөгөн жакшы иштер болот деп ишенем. Иш башталыптыр, ийгиликтүү бүтүп кетсин. Насип болсо дагы да келебиз”, – деп билдирди.