Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кургакчылыкка байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен өлкөдөгү бардык жума мечиттеринде жамгыр, кар тиленип дуба кылынды. Ошондой эле КМДБ жетекчиси бардык момундарга кайрылып, жамгыр жана кар тилеп истиска, кажет намаздарын окуу зарылдыгын белгиледи.
«Азыр жалпыга маалым болгондой, чөлкөмдө кургакчылык өкүм сүрүп жатат. Мындай шартта сеждеге баш коюп, Алладан жамгыр-кар тилейли. Керек болсо истиско жана хажат намаздарын окуйлу. Алла Таала намаздарды, дубаларды кабыл кылып, берекелүү казынасынан жамгыр-кар берсин деп бата кылалы», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Бүгүн, жума күнү өлкө боюнча 1334 жума окулуучу мечитте кар тиленип, дубалар кылынды. Бул боюнча Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев: «Азирети Муфтийдин тапшырмасына ылайык, бүгүн Кыргызстандагы жалпы жума мечиттеринде кар тилеп, дуба кылдык. Алла Таала берешен Зат. Ага чын жүрөктөн суранып, жалбарып, алакан ача турган болсок, дубаларды кабыл кылат», – деп билдирди.