Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
Общество | 19.03.2026
  • |

Орозо айт күнү №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөрдү түшкө чейин бекер ташыйт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиги жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы улуу орозо айт майрамы менен шаардыктарды куттуктайт. Улуу айттын алкагында, Азирети Муфтийдин демилгеси менен борбор калаадагы №38 жана №203 автобустары саат: 12:00 гө чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.

«Орозо жана Курман айт майрамдары исламдагы улуу кош майрам. Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен, орозо айт күнү шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келген жана кайткан шаар туургундарын, конокторун тейлесин деген аруу тилек менен эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00 арасы бекер кызмат көтөрөт. Иш-чаранын максаты – айт намазын даңазалоо, руханий шаңын сездирүү, намазга ашыккандарга кубаныч тартуулоо», – деп билдирди уюштуруучулардан Толкунбек ажы Жуманов. 

Айта кетсек, Бишкек шаарынын тургундары жана конокторунун суранычы, КР Президентинин колдоосу менен орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окулат.

Эски аянттагы айт намазы программасы:

* 07:00 – 07:30 – Куран окуу
* 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр ажы Исмаилов
* 07:40 – 08:10 – Диний баяндар; Бакыт ажы Кайкиев, Жолдошбек ажы Абдылдаев
* 08:10 – 08:30 – Азирети Муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери
* 08:20 – 08:30 – Сапан-сап айтуу
* 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

* 07:30 – 08:00 – Куран окуу; 
* 08:00 – 08:25 – Диний баяндар; 
* 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү; 
* 08:30 – Айт намазын окуу.

Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.