Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облустук казыяты жана райондук хатибияттарга берилген кызматтык автоунаалар КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын кароосунан өткөрүлдү. Текшерүүдө Бакыт ажы Нурдинов баштаган комиссия тарабынан автоунаалардын абалы, канча жол жүргөнүнө чейин каралып, абайлап айдоо жана абалын жакшы сактоо керектиги айтылды.
"Аты айтып тургандай эле, бул кызматтык унаа болгондуктан, абайлап айдап, абалын жакшы сактоо керек. Жеке жумуштарга колдонууга, тууган-урук, тааныш досторго берип турууга да болбойт. Өз учурунда кароодон өткөрүп, кылдат мамиле кылууга чакырам", – деди БТКнын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов.
Айта кетсек, КР Президенти тарабынан диний кызматкерлерге Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү жаңы 40 автоунаа белек кылынган. Кызматтык унаалар облустук казыяттарга жана райондук хатибияттарга берилген.