Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 08.08.2025
  • |

Ош шаарындагы мечит имамдарына Ислам каржылоо системи боюнча семинар өткөрүлдү

Кечээ, 7-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана «Айыл Банк» ААКсынын Ислам терезеси менен биргеликте Ош шаарындагы “Sun Rise” мейманканасынын жыйындар залында Ислам каржылоо экономикасы, соода-сатык мамилелери жана акча каражатын Ислам принциптерине ылайык операциялык иштер боюнча кеңири маалымат берүү максатында атайын окутуу семинары өткөрүлдү.
 
Семинарга Айыл банктын Ислам терезесинин шарияттык кеңешинин төрагасы, КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев баш болгон казыят кызматкерлери, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Жумадыл Акматжан, Ислам терезесинин директору Санжар Бапа уулу жана калаадагы мечиттердин имамдары катышты. 

Семинардын жүрүшүндө Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жумадыл Акматжан жана Ислам терезесинин директору Санжар Бапа уулу баяндамаларды жасашты.

Окуу учурунда «Ислам банкинг» түшүнүгү, анын шариятка болгон шайкештиги, соода-сатыктагы мурабаха, музараба жана башка каржылык продуктылар боюнча кенен маалыматтык түшүндүрмөлөр берилди. 

Катышуучулар исламдагы экономикалык ишмердүүлүк, акыйда жана укуктук негиздерге таянган банк кызматтары боюнча суроолоруна жооп алышты.

Мындан сырткары, нике журналын толтуруу, санариптик  документтештирүү жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн алдындагы call-центр аркылуу диний суроолорго расмий жана так жооп алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды.  

Жоробай ажы Шергазиев элден түшкөн диний суроолорго туура жооп берүүдө имамдарга call-центрди активдүү колдонуу зарылдыгын баса белгилеп, нике журналынын расмий каттоодогу ордуна токтолду.

Иш-чара имамдардын диний жана каржылык билимдерин жогорулатуу багытында болуп, семинар соңунда катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.