Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).
Бүгүн, 5-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Өзгөн районундагы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине жыйын өткөрдү.
Аталган иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Султанали ажы Гапуров, Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу жана райондогу жалпы айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдери катышты.
Жолугушууда бир катар тапшырмалар, алдыга коюлган пландар айтылып, айыл өкмөттүн жооптуу имам-хатибдерине жоопкерчиликтүү болууга чакырык жасалды.
"Биз буга чейин 2024-жылы жалпы облустарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөргөн болсок, 2025-жылы райондордо дин кызматкерлери менен жеринде жолугушууларды уюштурдук. Буйруса 2026-жылы айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатабыз", – деди Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров.
КМДБ жетекчиси муфтияттын 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеми тууралуу да айтып, анын алкагында аткарылган иштер боюнча кеңири токтолду.