Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 10.10.2025
  • |

Өзгөн: “Имам Сарахсий” көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушу башталды

Бүгүн, 10-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районунда “Имам Сарахсий” көп функционалдуу билим берүү борборунун курулушуна расмий старт берилди. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар, ошондой эле Түркия Республикасынын өкүлдөрү жана проф., док. Жеват Акшит башында турган ГАЙЭ фондунун (Гюмюшханели Араштырма Йардымлашма ве Эгитим Вакфы) кызматкерлери катышты.

Капсула ачуу иш-чарасында Азирети Муфтий сөз сүйлөдү:

«Ушул берекелүү күндө, берекелүү жерде кыргыз-ислам тарыхында өзгөчө орунду ээлеген, илимдин туу чокусуна жеткен улуу аалым – Имам Сарахсийдин урматына салынып жаткан комплекстин пайдубалына капсула салуу иш-чарасында турабыз. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) анык мураскорлорунан болгон Имам Сарахсий жөнүндө айта берсек сөз бүтпөйт. Имам Сарахсий – ислам дүйнөсүнө өзүнүн терең акыл-эсин, кеңири илимин жана адилеттүүлүккө негизделген пикирлерин мурас кылып калтырган залкар муфассир, фааких жана усул илиминин улуу устаттарынан. Анын “Аль-Мабсут” аттуу 30 томдон турган эмгеги бүгүнкү күндө да ислам укугу боюнча негизги булактардын бири болуп эсептелет. Бул эмгекте ал ислам укугунун ар бир маселесин терең изилдеп, мазхабдын негизинде так, түшүнүктүү жана калыс чечимдерди сунуш кылган, – деген КМДБ жетекчиси комплекстин артыкчылыгына токтолду: – Бүгүнкү салынып жаткан комплекс – жөн гана имарат эмес. Бул — илимдин, ыймандын, адеп-ахлак тарбиясынын жана келечек муундарга исламдын асыл баалуулуктарын жеткирүүчү борбор болот деген терең ишенимибиз бар».

Иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, курулуштун символикалык башталышын билдирген мезгил кутусун салышты.

Маалымат иретинде айтса кетсек, “Имам Сарахсий” билим берүү комплекси Түркиянын ГАЙЭ фонду тарабынан каржыланып, заманбап талаптарга жооп берген билим берүү жана социалдык инфраструктураны өзүнө камтыйт.

Курулуш алкагында төмөнкү объектилер тургузулат:

1. Фонд офиси – 2 кабат, 532 м²
2. Курс офиси (132 кыз-келиндер жана 132 эркек балдар үчүн) – 3 кабат, 1 158 м²
3. Ашкана – 438 м²
4. Дүкөн – 2 кабат, 937 м²
5. Дүкөн – 1 899 м²
6. Музей – 3 кабат, 959 м²
7. Отел – 4 кабат, 3 470 м²
8. Балдар жатак лицейи (192 окуучу үчүн) – 3 кабат, 3 309 м²
9. Балдар жатаканасы (174 окуучу үчүн) – 5 кабат, 3 979 м²
10. Институт – 5 кабат, 4 065 м²
11. Мугалимдер жатаканасы – 6 кабат, 4 102 м²

Бул билим берүү борбору жаш муунга сапаттуу диний жана светтик билим берүүнү, ошондой эле илим-билим, маданият жана тарбия багытында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү максат кылат.