Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Албетте, Аллах Таала силерден бирөөнүн Ага такыбалык менен кылган амалдарын жакшы көрөт” (хадис)
Общество | 31.12.2025
  • |

Панфилов: Азирети Муфтий диний үгүтчүлөр менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто-Кайыңды айылына иш сапары менен барып, диний үгүтчүлөр менен жолугушту. Жолугушууда КМДБ жетекчиси Алланы улуктоо, акыйданы билүү, сүннөттү сүйүү, диний эрежелерге бек болуу жана илим алуунун зарылдыгы боюнча кеңири форматтагы баяндама жасады.

«Алла Таала Аали Имран сүрөсүндө «Баарыңар Алланын жибин (динин) бекем кармангыла жана бөлүнүп-жарылбагыла» деп буйрук кылган. Биз кайда болбойлу, кайда барбайлы, ынтымак жана биримдиктин пазилетин айтып келе жатабыз. Мындагы баарыбыздын максатыбыз – бир», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.

Ал эми үгүтчүлөр атайын келип, жылуу маанай жолугушуу өткөргөнү жана диний баян курганы үчүн Азирети Муфтийге ыраазычылык билдиришип, анын жалпы ишмердүүлүгүн жогору баалашты. 

Айта кетсек, учурда Азирети Муфтий жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, ханафилик-матуридиликте биригүү, тынчтыктын жана биримдиктин мааниси жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча баяндамаларды жасоодо.