«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Рафаил ажы Татиков дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Рафаил Татиков Шамильевич:
Туулган күнү: 10-сентябрь, 1983-жыл
Туулган жери: Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Улуту: кыргыз
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
Билими: Жогорку билимдүү
2001–2006-жж. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Бишкек ш.
2006–2014-жж. «Жамиятуль-Улумуль-исламия» университети, (Низами дауратуль-хадис багыты), Карачи шаары, Пакистан.
2014–2016-жж. «Жамиятуль-улумуль-исламия» университети, (Тахассус филь-фикхи валь-ифта адистиги), Карачи шаары, Пакистан.
2016–2017-жж. «Жамиятуль-улумуль-исламия» университети, Тахассус филь-улумиль-хадис (хадис илимдери боюнча адистик), Карачи шаары, Пакистан.
2020–2022-жж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, гуманитардык факультет, теология багыты
2023-жылдан бери И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, теология факультети, PhD докторантура (Адистиги: Инженер, теолог, шарият илимдеринин адиси)
Учурдагы академиялык даражасы: Магистр
Эмгек жолу:
1. 2017–2020-жж. Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабият бөлүмүнүн адиси;
2. 2020–2021-жж. Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабият бөлүмүнүн башчысы;
3. 2021–2025-жж. Кайрадан ошол эле бөлүмдүн адси;
4. 2017–2025-жж. «Көлмө» жогорку диний окуу жайынын окутуучусу, Бишкек ш.
5. 2019–2025-жж. «Кутайба бин Муслим» институтунун окутуучусу жана ректору, Бишкек ш.
6. 2023-жылдан бери «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын шарият кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, Бишкек ш.
7. 2023-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык соттун арбитри (шарият маселелери боюнча)
Тил билүүсү:
Кыргыз тили – эркин,
Орус тили – эркин,
Араб тили – эркин,
Урду тили – эркин,
Англис тили – эркин,
Перс тилинде окуй алат.
Рафаил ажы көптөгөн илимий ижаза, сертификат жана дипломдорго ээ.
Хоббиси:
Китеп окуу, спорт.