Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 25-июнда Муфтияттын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган КМДБ кызматкерлери жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев башында турган аалымдар катышкан жыйында иммунизация жана диний аспектилер боюнча жүргүзүлүп жаткан жемиштүү кызматташтык талкууланды.
Жыйында Республикалык иммунопрофилактика борборунун өкүлдөрү 2025-жылдын 18-апрелинде чыккан №424 документтин негизинде түзүлгөн жумушчу топтун курамына диний кызматкерлерди киргизип, расмий түрдө бекитип берүүнү өтүнүч келтиришти.
Жолугушууда эмдөө маселелери, вакцинанын курамы жана усулдук маселелер, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттер жаатында пикир алмашылды.