«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Баткендеги өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабиров ротациялык жол менен муфтийдин Нарындагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырды.
Ошондой эле КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сатаров Нурбек Бейшеналиевич муфтийдин аймактагы өкүлүн кабыл алып, анын ишине ийгилик каалап, эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү тууралуу пикир алышты.
Азирети Муфтийдин өкүлүн тааныштырууга багытталган жыйындарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Курманбек Шайыков, Азирети Муфтийдин Жалал-Абаддагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов, казыят кызматкерлери жана баш имам-хатибдер катышты.
Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин коомдогу диний маданиятты өстүрүү жана муфтиятты өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш планынын алкагында ротациялык жол аркылуу дайындоолор жүрүүдө. Анын максаты калайыкка диний кызматты жакшыртуу, натыйжалуулукту жогорулатуу, квалификацияны кеңейтүү, адилеттикти камсыздоо, тажрыйбалуу адистерге мүмкүнчүлүк жаратуу ж.б. болуп саналат.
МАМАСАБИРОВ НУРИДИН ҮСӨНОВИЧ:
1983-жылы 13-январда Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кыштут айылында дин кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
БИЛИМИ:
Кыргызстан Ислам университетинин араб тили жана шарият адистигин аяктаган.
БатМУ социалдык экономикалык билим берүү багыты
ТАЖРЫЙБАСЫ:
2005-2006-жылдары КИУда жалпы бөлүм башчысынын орун басары жана хадис мугалими.
2006-2012-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Пригородное айылындагы «Азирети Сулайман» мечитинин имам-хатиби.
2012-2017-жылдары Баткен районунун баш имам-хатиби.
2017-2021-жылдары Баткен облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары.
2021-жылдын 26-июнунда Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайынын чечими менен Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.
Ошол эле жылдын 20-августунан тарта Баткен облусунун мусулмандарынын казысы (КМДБнын Баткен облусундагы өкүлү) кызматын аркалап келген.
Араб, түрк, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөт.
Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.