Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Бүгүн, 13-декабрь күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минирстрлигинин академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун өкүлдөрү тарабынан Чүй облусундагы жалпы дин кызматкерлерине практикалык лекция уюштурулду. Иш-чара аталган мекеменин 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында жүрөк-кан тамыры жана жугуштуу эмес орууларды көзөмөлдөө, эрте диагноз коюу жана алдын алуу үчүн саламаттык сактоо системасынын бейтапка багытталган интеграцияланган моделин түзүү боюнча «Саламат жүрөк» Улуттук Программасын ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.
Иш-чара жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Нуркамал кары Мизираимов Улуттук кардиология жана терапия борборунун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, исламдагы ден соолуктун орду тууралуу учкай токтолсо, Кыргыз Республикасынын башкы пульмонологу, аталган борбордун директору Талант Сооронбаев өз лекциясында жүрөк оорулары, себептери, статистикалык маалыматтар боюнча кеңири токтолду.
Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери «Саламат жүрөк» Улуттук Программасынын алкагында жүрөк кан-тамыр ооруларын жана башка жугуштуу эмес оорулардын интеграцияланган алдын-алуу боюнча текшерүү (check up) модулун жүргүзүшүп, дин кызматкерлери үчүн практикалык мүнөздөгү лекция өткөрүштү. Ошондой эле дин кызматкерлерине багытталган акысыз жалпы текшерүү жүргүзүлүп, ЭКГ жана кандагы канттын курамын текшерилди.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле иш-чара муфтият кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн.