«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Общество | 09.04.2025
  • |

Сауд Араб Падышалыгынын жаңы талабына ылайык Ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес

Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы Иштер Министрлигинен келип түшкөн маалыматка ылайык, 2025-жылдагы ажылык мезгилине даярдык көрүү максатында, Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө жана анда калууга 2025-жылдын 29-апрелинен 10-июнуна чейинки аралыкта тыюу салынат.

Бул чектөөлөр тууралуу маалымдоо боюнча Сауд Араб Падышалыгына сапар тарткан жарандарга Саудиянын мыйзамдарын сактоого чакыруу менен бирге Сауд Араб Падышалыгынын жаңы талапбына ылайык Ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес экендигин эскертебиз.