«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Общество | 03.02.2026
  • |

Шерикбек ажы Карабеков Кара-Балта шаарынын «Ардактуу атуулу» болду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүн адиси Шерикбек ажы Карабековго Кара-Балта шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Ардактуу сыйлыкты Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы М.К.Дуйшеналиев тапшырды. Көп жылдардан бери диний тармакта иштеп, ислам маданиятынын өсүшүнө салым кошуп келе жаткан Шерикбек ажыны наам алышы менен кызуу куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз. 

КМДБнын эмгек жамааты

Шерикбек ажы Карабеков тууралуу:
Туулган жылы: 1963-жылдын 11-ноябры
Туулган жери: Чүй облусу, Жайыл району, Суусамыр а/ө., 1-май айылы

Диний/дүйнөбий билими:
1971-1981-жж. 1-май орто мектеби;
1981-1983-жж. Скрябина атындагы айыл-чарба институту; 
1994-1996-жж. Кара-Балтадагы «Хазрети Осмон» ислам институтунда эркин сабак алган.
2007-жылы ушул эле институттун имам-хатиб курсунда билимин тереңдеткен.
2011-жылы 3 айлык имамдык курста билим алган.

1983-1985-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн

Эмгек жолу: 
1985-1994-жж. Кара-Балтадагы «Бакыт» оюнчук заводунда механик-слесарь болуп эмгектенген
1996-2004-жж. Суусамыр өрөөнү боюнча имам-хатиб;
2004-2006-жж. Кара-Балтадагы «Абу Бакр Сыддык» мечитинде имам;
2006-2008-жж. Кара-Балтадагы медициналык училищеде завхоз;
2009-2011-жж. Жайыл районунун баш имам-хатибинин орун басары;
2011-жылы Чүй облусунун казысынын ылдыйкы (түндүк) зона боюнча орун басары;
2011-2013-жж. КМДБда кызматкер, тагыраагы өлкө боюнча мечиттердин чарбалык абалын көзөмөлдөөчү эксперт;
2013-2015-жж. Жайыл районунун баш имам-хатиби;
2015-2020-жж. КМДБнын алдындагы ОТКнын мүчөсү
2020-жылдан тарта диний башкармалыкта үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси кызматын аркалап келе жатат.