Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
"Аллахтын алдында эң эле сый-урматтууңар – такыбалуурагыңар" (Хужурат, 13)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, Талас облусунда имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштелип чыккан программанын алкагында окуу сабагы өткөрүлдү.
Иш-чара КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүндө өтүп, аны КМДБ тарабынан түзүлгөн атайын кары устаздар өткөрүштү. Атап айтсак, КМДБнын өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар менен иштөө жана курулуш бөлүмүнүн адиси Муратали Мамадияр уулу; Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахси» мечитинин имам-хатиби Абдулла Акбарали уулу; Бишкек шаарынын Куран академиясынын мүдүрү Насрулло Искандаров жана Ибрахим Балтабаев карылар лекция окушту.
Окууну КМДБнын Талас облусундагы өкүлүнүн орун басарынын м.а. Рысбек Кокумов ачып, 4 райондун баш имам-хатибдери, медресе мүдүрлөрү, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары катышуусунда уланды.
Жыйында муфтият тарабынан бардык мечит имамдарынын билимин системалуу жогорулатууга багытталган программа кеңири тааныштырылды. Программанын негизги максаты төмөнкүлөрдү камтыйт:
Курани Каримди тажвид эрежелерине ылайык туура окутуу;
Азанды так жана кооз айтууну үйрөтүү;
Имамдардын практикалык чеберчилигин жогорулатуу;
Куран конкурстарын уюштуруу тартиптери;
Коомго таасирдүү жана жоопкерчиликтүү дин кызматчыларын даярдоо.
Иш-чарада облус аймагындагы бардык имамдар бул программага сөзсүз катышуусу керектиги баса белгиленип, тиешелүү нускамалар берилди. Иш-мерчемге ылайык, долбоордун биринчи этабы эки айлык окутуу мезгилин камтыйт. Окутуунун жыйынтыгында дин кызматкерлери Куран жана тажвид эрежелери боюнча сынак тапшырышат.
Муфтият бул иш-чара өлкө аймагындагы имамдардын дин жаатындагы билим деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгилейт.