Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 31.10.2025
  • |

Таласта ханафи мазхабын бекемдөө жана исламдык финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрүлдү

Талас облусунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана ААК «Айыл Банк» ислам терезеси тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Иш-чара Ханафи мазхабын бекемдөө, калкты диний маалымат менен каамсыздоо бөлүмүнүн алдындагы колл-центр менен байланышты күчөтүү коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам банкинг системасы аркылуу соода-сатык мамилелерин шарият негизинде туура жүргүзүү болуп эсептелет.

Мындай аракеттер өлкөдөгү диний лидерлердин жана каржы мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, элге ислам дининин каржы маселелерине болгон мамилесин туура жана так түшүндүрүп берүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Семинарда КМДБнын калкты диний маалымат менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев жана Ислам терезесинин директору Санжар Бапа уулу катышуучуларга кеңири маалымат берип өттү. Анын менен бирге, шарият кеңешинин мүчөлөрү Ниматулла ажы Жээнбеков, Акматжан Жумадыл да ислам каржылоо принциптери боюнча билимдери менен бөлүшүп, семинардын мазмунун тереңдетишти.

Семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттарда презентациялар жасалды: Мурабаха, мудоораба, истиснаь, ижара мунтахия биттамлик (менчикке өткөрүү менен) келишими жана башка ислам каржы инструменттери. Соода келишимдеринин шариятка ылайык жүргүзүлүшү жана бул ыкманын күнүмдүк жашоодогу колдонулушу.

Мындан сырткары финансылык сабаттуулук акча менен иштөө маданиятын жакшыртуу, шариятка каршы келбеген каржылык чечимдерди кабыл алуунун жолдору. Семинардын жүрүшү лекция жана интерактивдүү суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча адистерден түз жооп ала алышты.

Иш-чарага Талас облусунун казысынын орун басары Рысбек ажы Кокумов, казыят кызматкерлери, ар кайсы район жана шаарлардан 50 имам катышты. Бул диний лидерлер өз жергиликтүү жамааттарында эл менен тыгыз иш алып барышары белгилүү. Ошондуктан семинарда алынган билимдерди алар коомчулукка жеткирип, өз айыл-кыштактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшмөкчү.

Жоробай ажы Шергазиев өз сөзүндө мындай семинарлар уланып, ар түрдүү катмардагы жарандарга жеткиликтүү болушу керектигин белгилеп өттү. Ошондой эле ал ислам банкинги – заманбап финансылык системалардын альтернативасы катары коомдо туура жана ислам принциптерин орнотууга багытталганын айтты.