Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 08.08.2025
  • |

Таласта Куранды толук жаттоо боюнча конкурс өттү

Кечээ, 7-август күнү Талас облусунун Талас шаарында Курандын 30 парасынан жаттоо конкурсу өттү. Республикалык конкурстун аймактык этабына облустагы жаш карылар катышып, өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтүштү. 

Аталган сынакта Дастан Эркинбек уулу 1-орунду багындырса, ал эми Салман Сыдыков 2-орунду ээледи. Эки катышуучу тең облустун атынан Бишкек шаарында өтө турган республикалык тандоо туруна катышууга жолдомо алышты. 

Ал эми республикалык тандоодон өткөн кары Казакстанда өтө турган эл аралык Куран жарышына жолдомо алмакчы жана Кыргызстандын намысын коргомокчу.