"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 13.04.2026
  • |

Ташкент: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров белгилүү аалым Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун кабырын зыярат кылды

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Өзбекстан Республикасындагы Орто Азияга белгилүү болгон беделдүү аалым, экс-муфтий Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун кабырын зыярат кылып, андан соң маркум улама-устаздардын кабырларын да зыярат кылып, алардын рухтарына багыштап Куран окуду.

Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф – Орто Азияга кеңири таанымал улуу ислам аалымы жана экс-муфтийлердин бири. Ал 1952-жылы Өзбекстанда туулуп, ислам илимин өнүктүрүүгө зор салым кошкон. Көптөгөн диний китептердин автору болуп, элге туура диний түшүнүк жеткирүүдө чоң эмгек сиңирген. Анын ишмердүүлүгү бүгүнкү күнгө чейин чөлкөмдөгү мусулмандар үчүн баалуу мурас болуп эсептелет.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров зыяратынын жүрүшүндө дин кызматында чоң эмгек, сабырдуулук жана жогорку жоопкерчилик талап кылынарын белгиледи.

Ал дин кызматын аркалоо жеңил эместигин, бул жолдо тынымсыз изденүү жана элге кызмат кылуу негизги орунда турарын айтты.

Ошондой эле муфтий СССР мезгилинде диний тармактагы шарттар өтө оор болуп, көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан дин кызматкерлери элдин ыйманын сактоого жана диний баалуулуктарды жашыруун же чектелген шарттарда болсо да жеткирүүгө чоң эмгек сиңиришкенин айтты.

Бүгүнкү күндө ошол эмгектердин үзүрү катары дин эркиндиги ыроолонуп, диний кызматты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралганын белгиледи.