«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Общество | 25.02.2026
  • |

Токтогул ажы Окошевдин дүйнө салганына байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!

Диний тармакта алгылыктуу кызматтарды өтөгөн, диний ишмер Токтогул ажы Окошевдин дүйнө салганына байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Көңүл айтуу тексти:

«Дин исламга албан-албан кызмат кылган, диний билим берүүгө өмүрүн арнаган кадырлуу диний ишмер, меценат Токтогул ажынын дүйнө салганына байланыштуу суук кабарды оор кабыл алдык. “Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Бакара, 156). “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Анбия, 35).

Токтогул ажынын диний билим берүү жолунда жасаган зор эмгектери эсибизде. Калкыбызга динибиздин асыл балуулуктарын жеткирүүдө салымы чоң инсан болгон. Анын кызматтары эли-журтубуздун эсинде кала берет.

Урматтуу маркумдун жакындары, дос-санаалаштары! Алла Таала сиздерге сабыр, күч-кубат жана кайрат берсин. Ал эми маркумду Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын». 

Маркум тууралуу: 

Маркум Токтогул ажы Окошев 1956-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Алтын-Булак айылында туулган. Ал диний билим берүүгө өмүрүн арнаган нарктуу аксакал катары белгилүү болчу. Токтогул ажы “Ыйман” кесиптик окуу борборунун мүдүрү болуп эмгектенген. Ош облусунун мусулмандарынын казысынын (азыр муфтийдин өкүлү) кеңешчиси болгон. Ошондой эле “Абдираим каары” медресесинин жана “Имам аль-Бухари” ислам институтун түптөлүшүнө салым кошуп, аталган окуу жайда узак убакыт бою эмгектенген. 

Мындан сырткары Өзгөн шаарындагы медресени түптөгөн. Кара-Кулжа районундагы  "Айгүлүм” диний окуу борборун түптөгөн. Ош шаарындагы “Умму Фатима” диний окуу борборунун түптөлүшүнө дагы салым  кошкон.

Мына ушундай өмүрү өрнөк инсанды бир кездерде жогорку кызматын динге кызмат үчүн тапшырып, диний окуу жайларды түптөөгө жана документтештирүүгө жан дили менен кызмат кылганы менен эстеп калабыз. 

Эскертүү! Эртең, 26-февралда саат:11:00 дө Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын борбордук мечитинде маркум Токтогул ажынын жаназасы окулат.