Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобонун негизинде Умра зыяратын уюштуруучу туристтик компанияларды көзөмөлдөө иштери улантылууда.
2025-жылдын 1-октябрына чейин 37 туристтик компания КМДБдан аккредитациядан өтүп, Умра зыяратын уюштурууга расмий укук алышкан. Ал эми аккредитациядан өтпөгөн жана мыйзамсыз иш алып барган боюнча мониторинг жана көзөмөл иштери жүрүүдө.
Көзөмөл иштери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик, КМДБнын Умра бөлүмү жана Текшерүү комиссиясы тарабынан интернет айдыңында жана Бишкек менен Ош шаарларындагы эл аралык аэропорттордо жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз иш жүргүзгөндөргө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 142-беренесине ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
КМДБнын эскертүүсү: Жарандарга алданып калуу жана сапардын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу жагдайларга дуушар болбоо үчүн аккредитациядан өткөн расмий компаниялар аркылуу гана катталып, Умра сапарына баруу сунушталат.