Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 03.06.2025
  • |

Замир кары Ракиев: Ажылык – таалим жана тарбия мектеби

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев ажылык мезгилинин жакындап калгандыгына байланыштуу ажылык сапарын туура жана шарият көрсөтмөлөрүнө ылайык аткаруу боюнча кеңири сабак өттү.

Замир кары Ракиев ажылык – бул жөн гана саякат эмес, Аллах Таала буйруган ыйык парз экендигин белгилеп, аны ар бир мусулмандын жүрөгү менен түшүнүп, чоң жоопкерчилик менен өтөөсү зарыл экенин эскертип өттү.

“Ажылык – таалим жана тарбия мектеби. Ар бир кадам, ар бир амал өз ордунда, ниет менен, адеп менен жана шариатка ылайык болушу керек,” – деди ал өз сөзүндө.

Сабак учурунда төмөнкү негизги темалар кеңири түшүндүрүлдү:

Ажылыктын парздары жана важиб амалдары;

Ихрамга кирүүдөгү талаптар жана жаңылыштыктар;

Таваф, Са’й жана Арафаттагы туруу тартиби;

Ажылыктагы руханий мааниси жана сабырдуулуктун ролу;

Зыярат маданияты жана ажылыктын тартибин бузбоо эрежелери.

Аалымдар Кеңешинин төрагасы ажылыкты уюштуруудагы тартипке да токтолуп, сапар учурунда биримдик, тазалык жана бири-бирине карата урмат-сый сактоо ажылыктын мазмунуна дал келерин баса белгиледи.