«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Общество | 18.02.2026
  • |

Зекеттин нисабы жана берилүү тартиби

Алла Таала Ыйык Куранда, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллоху алейхи ва саллам) өзүнүн хадистеринде, колунда бар кишиге мусулмандарга зекет берүүнү буюрган.

КМДБ бир жылдык мөөнөт менен зекет берүүнүн шарияттагы жана учурдагы дүйнөлүк тажрыйбадагы тартиптерин карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кылат:

1. Ар бир мусулман пенденин байлыгы Ислам шариятында көрсөтүлгөндөй, зекет өлчөмүнө (нисабына) жетип, колунда кармалып турганына бир жыл толсо, ал мусулманга зекет берүү парз болот.
2. Зекетке ошол байлыктын кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда 2.5% берилет. 
3. Зекеттин (нисабы) өлчөмү алтын эсебинде 20 (мыскалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. Жыйынтыгында: 85 грамм алтынды (585-проба менен) 8500 сомдон эсептегенде  722 500  сом болуп, анын кырктан бири  18,062  сом. (Эгер АКШ доллары менен эсептегенде 8261 доллар болуп, анын кырктан бири 206 доллар).
 
Эскертүү: Бул эсеп ушул күндөгү алтын баасына карап берилди. Баалар инфляцияга байланыштуу өсүп же азайып турат. Ошондуктан ким зекет бере турган болсо, ошол учурдагы базар баасы менен эсептеп чыгарышы керек.

Жогоруда аталган зекет үч нерседен берилет: Алтындан, нак акчадан жана товарлардан (соода сатык ниетинде сатып алынган буюмдар).

4. Мал жандыктарынын зекети төмөндөгүчө берилет:
А) Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан  кунаажын зекет катары берилет. Колдо багылган топоздор уйдун өкүмүндө.
Б) Кой, эчкинин зекети: Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир кой же бир эчки зекет катары берилет.

В) Төөнүн зекети: Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, бир кой зекетке берилет. 10 (он) төөгө жетип калса, эки кой, 15 төөгө жетип калса 3 кой ж.б.у.с.

Г) Жылкынын зекети: Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабга) зекет берүү өлчөмүнө жетсе, кырктан бири зекетке берилет.

Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Айта кетсек, күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерден (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) зекет берилбейт.