«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз»
(Нахл сүрөсү, 97-аят)
Общество | 27.03.2026
  • |

Жагымдуу жаңылык: Муфтият диний адабияттарды басууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев жана башкармалыктын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов муфтият тарабынан даярдалган диний адабияттардын басылышына күбө болушту.

«Диний кызматкерлердин диний билимин жана маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча муфтияттын алдында диний адабияттарды чыгаруу боюнча Азирети Муфтийдин тапшырмасы берилген. Учурда КМДБнын мүмкүнчүлүгү менен китептер басылууда. Китептер салттуу ислам багытына, тагыраагы ханафилик-матуридилик мазхабына ылайык келип, Орозо Азияда калыптанган исламий маданиятка төп келет. Бул китептер аркылуу, алыскы элет жергесиндеги имамдар жана мечит жамааттары диний маалымат менен камсыз болуп, натыйжада диний маданият өнүгөт», – деди Жоробай ажы.

Ал эми коомго сапаттуу жана сабаттуу диний адабияттарды жайылтуу боюнча иштер жүрүп жатканына Толкунбек ажы Жуманов токтолуп, «КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, ар бир мечитте китеп бурчу уюштурулган. Ошол бурчтарды дасыккан диний кызматкерлер тарабынан даярдалган, текшерилген адабияттар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Диний эмгектер өлкө боюнча дээрлик ар бир мечиттин санына ылайыкталып, эң минималдуу баа менен коюлат. Түшкөн каражатка кезектеги диний адабияттар басылат. Мына ушундайча, дин багытындагы сапаттуу эмгектерди чыгаруу үзгүлтүккө учурабай, өз чыгымын өзү жаап, калкыбыздын калың катмарына жете бермекчи. Ушул система аркылуу элибизге сапаттуу жана туура нуктагы маалыматтар жеткирилмекчи», – деп билдирди бөлүм башчы.

Айта кетсек, Муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде камтылган муфтияттын алдында исламий адабияттарды басуу пунктун аткаруу алкагында, учурда 4 диний адабият жарык көрүү алдында турат.  Алар; дүйнөгө белгилүү аалым, шейх Мухаммад Саид Рамазан аль-Бутининин «Мазхабсыздык – ислам шариятына коркунуч алып келүүчү бидъат», «Салафия исламий мазхаб эмес, берекелүү доор болгон» аттуу эмгектеринин кыргызча котормосу, ошондой эле диний аалым Жоробай ажы Шергазиевге таандык «Фикх илиминин эволюциясы» жана «Фикх: Ибадаттар бөлүмү» эмгектери басылып жатат.