Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 11.07.2025
  • |

Жалал-Абадда дин кызматкерлерине берилген автоунаалар каралып, жол барагы тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган атайын комиссия Жалал-Абад облусундагы кызматтык автоунаалардын абалын текшерип, жаңы жол барактарын (путевой лист) тапшырды. 

Борбордук комиссиянын төрагасы: “Айрым автоунаалардын жүргөн пробегин көрүп таң калдык. Бул аманат! Аманатка бекем болгула. Өзүңөрдөн башкалар айдабасын, башка жакка чыксаңар казыга сөзсүз билдиргиле. Бул жолу эскертүү берип жатабыз. Бирок кийинки алты айда кемчиликтер кайрадан кайталанса, автоунаалар артка чакыртылат. Бул коркутуу эмес, талап!”, – деп эскертти.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков да дин кызматкерлерине кайрылып, төмөнкүдөй эскертүү берди:

“Бул унаалар Президенттин жана Азирети Муфтийдин колдоосу. Ошондуктан аларды жеке кызыкчылык үчүн эмес, диндин кызматы үчүн гана колдонгула. Аяр мамиле жасаңыздар, аманатка кыянаттык кылбаңыздар. Бул текшерүү – аймактагы дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатууга жана кызматтык мүлккө болгон көз карашты өзгөртүүгө багытталган демилге. Аманат – бул ишеним. Ишенимди актоо ар бир имамдын парзы”.

Айта кетсек, Жалал-Абад облусуна жалпы 9 кызматтык автоунаа берилген. Анын 8 и райондордун баш имам-хатибдерине, 1 и казыга ыйгарылган болчу.