Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 19.08.2025
  • |

Жалал-Абадда имамдар жана тургундар көрүстөндү тазалашты

Жалал-Абад шаарынын хатибиятынын демилгеси менен шаардагы мечит имамдары жана жергиликтүү тургундар Дача аймагындагы көрүстөндүн айланасын тазалап, ишембилик өткөрүштү. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын көрсөтмөсүнүн негизинде жана Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен ишке ашырылды.

Тазалоо иштеринин жүрүшүнө шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев өзү жетекчилик кылып, бул демилге коомду тазалыкка, көрүстөндөргө урмат-сый менен мамиле кылууга чакыруунун үлгүсү экенин белгилеп, мындай иш-чаралар коомдук тартипти сактоого, жаштарды ыймандуулукка жана тазалыкка үндөөгө болгон аракет экенин айтып,

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Кимде-ким жолдон адамдарга тоскоол болгон нерсени алып салса, Аллах Таала ага сооп жазат» (Муслим). Көрүстөндөр — маркумдарга болгон урматтын белгиси. Алар тынч жаткан жерди таза кармоо — тирүүлөрдүн милдети”, – деди Мелисбек ажы.

Бул сыяктуу тазалоо иштери буга чейин Гүлүстан айылындагы мазарда, ошондой эле Жалал-Абад санаториясынын жанындагы Мисте мазарында да уюштурулган.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында жергиликтүү элге Өлкө башчысынын мүрзөлөргө байланыштуу жарлыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тактап айтканда, мүрзөлөргө кымбат баалуу таштан эстелик орнотууга жана ысырапкордукка жол бербөө боюнча насааттар айтылды.