Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 27-28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен кезектеги республикалык Куран жарышы уюштурулууда.
Конкурстун максаты:
Ислам баалуулуктарын даңазалоо;
Ыйык Куранды сүйдүрүү;
Куранды тажвид эрежелери менен жаттоого үндөө жана жаш карыларды шыктандыруу.
Программа:
27- октябрда кыз-келиндер;
28- октябрда улан-мырзалар таймашса;
Ал эми 29-октябрда сыйлоо аземи болот.
Категориялар:
1. Курандын толук 30 парасын тажвиди менен жатка билгендер арасында;
2. Курандын 15 парасын тажвид эрежелери менен жатка билгендер арасында;
3. Ал эми 20 жашка чейинкилер арасында Курандын 5 парасын тажвид эрежелери менен жатка айтуу боюнча уюштурулат.
Өткөрүп жибербеңиздер!
Эскертүү: Буга чейин республикалык жана эл аралык Куран жарыштарында 30 парадан 1-2-орунду ээлеген карылар бул конкурска катыша албайт.
Толук маалымат үчүн: +996 777 171 929