Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 10.11.2025
  • |

Жидда: Кыргызстандык делегация ажылык боюнча эл аралык конференцияга катышты

Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарында 6-13-ноябрь күндөрү өтүп жаткан ажылык конференциясы жана көргөзмөсү дүйнөнүн булуң-бурчунан келген делегаттарды бириктирди. Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар катышты.

Конференциянын жүрүшүндө кыргыз тарап Сауд Араб Падышалыгынын Flyadeal авиакомпаниясы менен 2026-жылдагы ажылык мезгилинде кызматташуу боюнча маанилүү келишимге кол койду. Бул документке ылайык, аталган авиакомпания кыргызстандык ажыларды Сауд Араб Падышалыгына жеткирүү жана кайра кайтаруу кызматын аткарат.

Бул жылкы өзгөчө жаңылык — келишимдин кол коюу аземи Жидда шаарында уюштурулган ажылык көргөзмөсүнүн алкагында Super Dome имаратында өттү. Иш-чарага Flyadeal авиакомпаниясынын жетекчилери да катышып, тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маанилүү кадам экенин белгилешти.

Айта кетсек, маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Азирети Муфтийдин орун басары, 2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев, ал эми САП тараптан Саудиянын ажылык министрлигинин өкүлдөрү жана авиакомпания жетекчилери катышты.