Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
2026-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылыктын баштапкы төлөмүн кабыл алуу жана квотанын толуусу боюнча билдирүү жасады. Билдирүү толугу менен берилет:
Урматтуу кыргызстандыктар, ардактуу мусулман бир туугандар!
Кыргыз Республикасынын мусулмандары үчүн 2026-жылдагы ажылык сапарына Сауд Арабиясы тарабынан 6000 квота бөлүндү. Бул — ажылык парзын аткарууга умтулган жарандарыбыз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары, 2025-жылдагы ажылыкка катталып, кезекте турган 2600 адам бар.
Ажылыкка жаңы каттоо 2025-жылдын 23-сентябрында расмий түрдө башталды. Каттоо башталгандан тартып, ажылыкка барууну каалаган талапкерлердин саны өтө көп болгондуктан, 2600 орундан калган орундар кыска мөөнөттүн ичинде толуп калды. Бул — ажылыкка болгон кызыгуу жана руханий умтулуу күчтүү экенин көрсөтөт.
Ажылык — Ислам дининдеги беш парздын бири. Бул сапар — ар бир мусулман үчүн өзгөчө руханий тажрыйба, өзүн тазалоо, сабырдуулукка, боорукерликке жана биримдикке чакырган ибадат. Ажылыкка баруу — материалдык мүмкүнчүлүккө гана эмес, Кудай Тааланын чакыруусуна да байланыштуу. Кимге насип этсе, ошол адам барат. Бул сапарга ниет кылган ар бир мусулманга ажылык парзын аткаруу насип кылсын деп тилейбиз.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ажылык бөлүмү жана тиешелүү Ведомстволор аралык убактылуу республикалык штабы ажылык сапарынын уюштурулуусун коопсуз, адилеттүү жана тартиптүү өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.