«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Общество | 22.05.2025
  • |

Жолдошбек ажы Абдылдаев: «Ажылар сиздерге, сиздер Аллага аманатсыздар!»

Бүгүн, 22-май күнү КМДБнын жыйындар залында кыргызстандык зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчыларга багытталган соңку жыйын өткөрүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди. Жыйынды быйылкы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев алып барып, Сауд Араб Падышалыгынын ажылык министрлиги тарабынан зыяратчылар үчүн бекитилген талаптар боюнча кеңири маалымат берди.

«Сиздер исламдын соңку шарты болгон ажылыкты аткарууга бел байлап, аруу жана улуу ниетте сапарга аттанып жаткан инсандарга кызмат кыласыздар. Ошондуктан жоопкерчиликтүү болуп, ажылыктын шаръий жактан толук аткарылышына көңүл буруңуздар. Өмүрдө бир жолу аткарылчу ибадатта кемчилик кетпесин. Өзгөчө ажылык күндөрү кызматка бекем туруп бериңиздер. Бир эле учурда миллиондогон зыяратчы топтолгон ыйык жайда иш оор болот, андыктан зыяратчылар сиздерге аманат. Ал эми сиздер жана биз жалпыбыз Аллага аманатпыз», – деди өз сөзүндө УРШ төрагасы Жолдошбек ажы. 

Жыйналышта рейс убактылары, учуу тартиптери боюнча көрсөтмө берилип, убакытка так болуу тапшырмасы коюлду.