"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Жумгал районуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө аймакта көп жыл бою динге кызмат кылып, учурда ардактуу эс алуудагы имамдарды зыярат кылды.
«Өтө оор учурларда 1 сом айлык албай ак кызмат кылып бердиңиздер. Кээ бир жерлерде жумасына 1 гана жолу азан айтылган кыйын кезеңдерде келип, элдин диний сабатын көтөрдүңүздөр. Сиздерге өмүр бою ыраазыбыз жана дайыма дубадабыз. Динди сүйүү, элди сүйүү, эмгекти сүйүү боюнча жаштарга үлгүсүздөр», – деди зыяратынын жүрүшүндө КМДБ жетекчиси.
Ардактуу имамдар тууралуу:
Болотжан Сапарбеков 1959-жылдын 30-июлунда Жумгалдын Чаек айылында туулган. 1993-жылдан 1997-жылга чейин Байзак айылында имам болгон. 1997-жылдан 2003-жылга чейин Жумгал райондук мечиттин мутаваллиси болгон. 2003-жылдан 2023-жылга чейин Куйручук айылынын имамы болуп кызмат кылган.
Тынчыбек Аманов 1970-жылдын 28-декабрында туулган. 1996-1997-жылдары Чүй районунда имам-хатиб болгон. 1998-жылы Кызарт айылынын имам-хатиби болуп дайындалса, 1999-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын май айына чейин Жумгал районунун баш имам-хатиби болуп иштеген. 2016-жылдан 2024-жылга чейин Кызарт айылынын имам-хатиби болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, Азирети Муфтий диний кызматкерлер менен жеринде жолугушуп, пикир алышуу жана хатибияттардан кабар алууга багытталган иш сапары менен аймактарда жүрөт. Иш сапар алкагында улуу муун аалым-молдолорун зыярат кылуу, диний объектилер менен таанышуу, мечиттердин жалпы абалына байкоо салуу программалары бар.