Манас районунун борбордук мечитинин короосуна 40 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду

Кечээ, 27-февралда Талас облусунун Манас районунун борбордук мечитинин короосуна 40 түп ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.

Көчөттөр ушул эле райондун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Жапар Жумашевдун демөөрчүлүгү менен сатылып алынып, мечиттин айланасы көрктөндүрүлдү.

Бул саамалыкка Манас районунун  баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев ыразычылыгын билдирип, үй бүлөсүнө жакшылыктарды тилеп, мечиттин жамааты менен чогуу көчөттөрдү отургузушту.  

 “Ким Аллах ыраазычылыгы үчүн бир дарак отургузса анын сообу акыретке чейин жетет демекчи бизге демөөрчүлүк кылган бир тууганыбызга Аллах ыразы болсун! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик, эки дүйнөнүн бактылуулугун тилейбиз”, —  деди мечиттин имамы Жаныбек Акбаев.