“Ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы – бул мыкты таалим-тарбия”,- Бекмамат ажы Орозматов

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Качыбек” мечитинин имамы Бекмамат ажы Орозматов №34 Ч. Түлөбердиев атындагы орто мектебинин жогорку классынын окуучулары жана ата-энелери үчүн ата-энени сыйлоо жана экстремизмдин алдын алуу боюнча лекция окуду.

 “Урматтуу ата-энелер балдардын таалим-тарбиясына жакшы көңүл бурууңүздарды каалайт элек. “Адеби жок жигит, жүгөнү жок атка окшош”  деп бекеринен айтылган эмес. Азыр мээрим төгүп, жакшы таалим-тарбия бербесеңиз кийин кантип мээрим көрөсүз. Андыктан ата-эненин баласына калтырган эң жакшы мурасы мыкты таалим-тарбия”,- Бекмамат ажы Орозматов.

Айта кетсек, 2020-жылдын февраль айынын башында Жапалак айылдык аймактык милициянын начальниги Аскат Тиленов менен Жапалак аймагындагы мечит имамдары менен биргеликте мектептерге окуучуларды ар кандай терс көрүнүштөрдөн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашылган эле.