Сузактагы «Зухриддин Максум» атындагы борбордук мечитте Сузак районунун аймагындагы дин кызматкерлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Сузактын баш имам-хатиби Ордобек ажы Оморбеков баштаган хатибият жамааты жана райондун имамдары катышты.
Жыйындын алкагында мечиттердин кышка даярдыгы, тазалыктары, нике журналы боюнча маселе каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын жүрүшүндө диний маселелерге байланыштуу пикирлер ортого салынып, суроо-жооп форматында талкуу жүргүзүлдү.