Бекназар ажы Жапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынан чыккан күрөшчү жигиттерди кабыл алып, райондук хатибияттын атынан Алкыш баракчасын тапшырып, ыраазычылык билдирди.

«Ден-соолук бекем болсо, жакшылык иштерди көбүрөөк аткарууга мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Спорт ден-соолукту чыңдоо менен бирге убакытты пайдалуу өткөрүүгө да жардам. Анткени бош убакыттын көптүгү жаштарыбызды уюлдук телефонго байланып калуусуна себеп болууда. Ошондой спорт адамды тамеки чегүү, арак ичүү сыяктуу жаман илдеттерден алыстатууга жардам берет. Буйруса сиздерден жаштарыбыз үлгү алып, мыкты күрөшчү болуу менен ден-соолугуна кам көрөт деп ишенебиз. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в.) куттуу хадисинде: «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда Кудайга жакшыраак жана сүйкүмдүрөөк» деп айткан», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагынан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спорттун күрөш түрүнөн Баяман Абидинов, Роман Сапаров жана Марлен Абдурасулов катышып, алдыңкы орундарга ээ болушкан.