Муфтият тарабынан өткөрүлүп жаткан IV эл аралык Куран конкурсу жыйынтыкталды

Бүгүн, 27-сентябрь күнү борбор калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде өткөрүлүп жаткан IV Эл аралык Куран жарышы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чара кереметтүү Куран окуу менен башталып, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиевдин дубасы жана ачылыш сөзү менен коштолду. Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Мухаммад ажы Аноркуловго сөз берилип, ал иш-чара жемиштүү өткөнүн белгиледи:

«Куран конкурсуна катышуунун өзү зор жеңиш. Мындай жогорку деңгээлде өткөн иш-чаралар жаштарыбызды Куран жаттоого шыктандырып, келечекте көптөгөн карылардын чыгышына өбөлгө түзөт. Конкурсту уюштурууга катышкан бардык инсандарга Муфтияттын атынан терең ыраазычылык билдирем. Ушундай мыкты иш-чаралар Мекенибизде көп-көп өтө берсин».

Жалпы 27 өлкөдөн келген карылардын сынагында дүйнөлүк деңгээлдеги карылар; Шейх Ахмад ал-Миъсоровий, Шейх Мухаммад Яхья ат-Тахир, Шейх Абдуссалам аль-Мажидий, Шейх Хасан Мухаммад Солих жана Асылбек кары Таштемировдор калыстык кылышып, төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды.

3-орун – Ахмед Заки Фавзи (Мисир);

2-орун – Абдулкарим Юсуф (Ливан);

1-орун – Фатва Хади Мавляна (Индонезия).

Ошондой эле калыстар тобунун чечими менен Борбордук Азия боюнча Абдулазимов Ниматулла (Казакстан) мыкты деп табылып, атайын сыйлыкка ээ болду.

«Бул конкурсубуздун баштапкы онлайн этабына дүйнөнүн булуң-бурчунан 400 дөй кары ат салышып, финалга 27 хафиз өткөн болчу. Ошентип баш калаабызда 3 күн бою Куран жарышы өтүп, ага күбө болдуңуздар. Алланын жардамы менен кезектеги ири масштабдуу Куран иш-чарасын жакшы өткөрүп алдык. Эл аралык деңгээлдеги Куран конкурсубузга Шейх Ахмад ал-Миъсоровий өңдүү заманыбыздын улуу хафиздери келип, калыстык кылышы жүрөк кубантат. Ала-Тообузда ар дайым Куран жаңырып турса экен. Анткени Куран окулган жерге Алла Тааланын береке-пейизи жаап турат», – деди уюштуруу тобунан Самидин кары Атабаев.