Бүгүн, 13-ноябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич менен жолугушту.
Жолугушууда Азирети Муфтий Тилек Кыдырмаевичтин иштерине ийгиликтерди каалап, КМДБнын агартуу жаатындагы аткарып жаткан иштери боюнча учкай маалымат берип өтсө, Тилек Текебаев Президенттин тиешелүү жарлыктарын аткаруу алкагында Дин башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келгенине токтолуп, мындан ары да жакындан иш алып барууга кызыктар экендигин билдирди.
Айта кетсек, Азирети Муфтийдин «Улут наркы – эл баркы» аттуу агартуу кербени кечээ, 12-ноябрь күнү башталган. Диний агартуу кербендин алкагында КМДБ жетекчиси 7 дубан, 2 шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары жана улуттук дөөлөттөр, ханафилик-матуридилик, ынтымак-ырашкерлик, биримдик, аша чабуунун кесепеттери ж.б. боюнча баяндама жасамакчы.