Диний окуу жайлардагы мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген III- көчмө семинар Сузак районундагы Имам Аьзам медресесинде уюштурулду. Семинарга казыят кызматкерлери, облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардагы араб тилинин грамматикасы, адеп-ахлак, фикх сабагынан берген мугалимдер, уюштуруучулар жана аталган окуу жайдын студенттери катышты.
Ачык сабак балдар бөлүмүндө наху — араб тилинин синтаксиси, кыздар бөлүмүндө адеп-ахлак сабагы боюнча өтсө, эки бөлүмдө тең фикх сабагы боюнча “Даарат жана таяммум” деген теманын алкагында шарьий-илимий-практикалык конференция болуп өттү.
«Балдар бөлүмүндөгү конференция талаптагыдай өтүлбөгөндүктөн кайрадан өтүп берүү талабы коюлду. Ал эми конференция кыздар бөлүмүндө слайд-шоу аркылуу коштолуп, студенттер парактика түрүндө даарат алуунун эрежелерин, таяммум жасоонун ыкмаларын көрсөтүшүп, конференциянын кызыгуусун жогорулатты»,-деди казыяттын маалымат кызматы.
Иш чаранын соңунда мугалимдер ачык сабакка жана конференцияга анализ беришип, кемчиликтерди жана жетишкендиктерди айтышты. Муну менен катар сабакты жакшыртуу максатында сунуштарын беришип, конференциянын жүрүшү тууралуу сунуш-пикирлерин билдиришти. Ал эми көчмө семинардын жыйынтыгында балдар бөлүмүндөгү ачык сабакка “орто”, конференциянын өтүлүшүнө “канаттандыраарлык” деген баа берилди. Ал эми кыздар бөлүмүндөгү ачык сабакка жана конференцияга “эң жакшы” деген баа берилди. Ошондой эле казыят тарабынан аталган диний окуу жайга иш чараларды уюштурууну жакшыртуу, жыл аягында студенттерге номинацияларды берүү, араб тилинин грамматикасы боюнча олимпиада өткөрүү тапшырмасы берилди.