«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Муфтият | 31.05.2026
  • |

ЗЕКЕТ КИМГЕ ПАРЗ?

Ислам аалымдары дүнүйөлүк (мал-мүлктүк) жана руханий ибадат болуп саналган зекет ибадатынын толук кандуу аткарылышы үчүн кээ бир шарттарды коюшкан. Бул шарттар зекет берүүчү-алуучуда болуу менен бирге эле, зекет катары берилчү мал-мүлктө да болушу мүмкүн. Айрыкча, зекеттин адеби Кураны Карим менен хадиси-шарифтерде белгиленген. Анын берилбеши ар кандай терс жыйынтыктарга алып бара турганы өзгөчө эскертилген. Мына ушул бөлүмдө зекеттин укуктук/фикхтык жагын кыска-нуска баяндап, аларды өз-өзүнчө темаларда берүүгө аракеттендик. 

А. ЗЕКЕТТИH МИЛДЕТТҮҮЛҮК ШАРТТАРЫ

Бир кишинин зекет берүүгө милдеттүү болушу үчүн мусулман, эркин, акыл-эстүү жана балагат жашында болуусу керек. Андан сырткары, карызынан жана негизги муктаждыктарынын сыртында мал-дүйнөгө ээ болушу шарт. Ислам аалымдары зекет берүүнү милдеттүү кылган шарттарды так көрсөткөн. Шарттар инсанда да, дүйнө-мүлктө да белгиленет. 

1.    Мукаллафка тиешелүү шарттар
Мукаллаф – укуктук термин болуп, акыл-эси жайында болгон, балагатка жеткен, (кул болбогон) эркин мусулманды түшүндүрөт. Жогоруда айтылгандай, зекет берүүгө жоопкер адам мукаллаф болуу менен бирге бардар болууга тийиш.

«Акыйкатта, садагалар (зекеттер) – Алла жүктөгөн фарз: Колу жука кедейлерге, колунда жок жакырларга, аны жыйноочуларга, көңүлдөрүн алуу керек болгондорго, (мусулман) кулдарды бошотууга, карыздууларга, Алланын жолундагыга жана (мусулман) мусаапырларга берилет. Алла – бардык нерсени Билүүчү, Даанышман!»  (Тообо, 9/60).

а. Мусулман болуу

Куранга үңүлгөнүбүздө мусулман аял жана эркектин ортосунда кандайдыр бир ажырым көрсөтүлбөстөн мусулман аялдын да, эркектин да зекет берүүгө милдеттүүлүгүн көрөбүз (Бакара, 2/43, 110; Тообо, 9/71; Хаж, 22/78; Муминун, 23/4; Нур, 24/56; Мужадала, 58/13; Муззаммил, 73/20). Хадистерде да зекеттин мусулмандардан алына тургандыгы көрсөтүлгөн. Мал-мүлктөгү жоопкерчилик өзгөчөлүгү болгон зекет исламдын негизги шарттарынын бири болуп саналат. Башкача айтканда, өз алдынча ибадат экенине басым жасалат (Бухари. Ийман, 2).
Зекет эмне себептен мусулмандардан гана алынат деген суроо туулушу мүмкүн. Аруу динибиз ибадаттарды бир гана ыйман келтирген инсанга жүктөйт жана ишенимге ылайык жоопкерчиликтерди коёт. Ушул сыяктуу башка жоопкерчиликтерде болгондой эле, зекетте да алгачкы шарт мусулман болуу. Тагыраагы мукаллаф болуу. Исламды кабыл алган киши зекет берүүгө тийиш. Ал эми, ислам дининин сыртындагылар намаз, орозо, ажылык жана зекет сыяктуу ибадаттарды аткарууга жооптуу эмес. Алар алгач ичиндеги шек-күмөндү жоюп, ыйман келтириши керек. Андан соң гана динибиздин башка буйруктарын аткара алышат. 

б. Балагатка толуу

Балагат жашы дегенде акыл-эстик жактан калыптанган жана жыныстык жактан жетилген куракты түшүнөбүз. Намаз жана орозодо талап кылынган шарттар зекетте да бар. Бирок, зекет алардан өзгөчөлөнүп, социалдык карым-катыш жана жардамдашуу өзгөчөлүгү болгон мал-мүлктүк ибадат болуп саналат. Ошону менен бирге, бакыр-тукурдун муктаждыгын жоюп, кедей-кембагалдын да акысы болгону үчүн балагат жашына толуу шартынын бар-жогу талаштуу маселе. Бирок, балдардын жана акыл-эс жагынан жетилбегендер да жер-жемиштин, дегеле (айдоо) жерден өндүрүлгөн аштыктардын үшүрүн (же ондон бирин) бериши аалымдар тарабынан бирдей ырасталат. Ал эми, жалпы мал-мүлкүнүн зекетин бериши же бербеши жөнүндө эки башка көз караш бар. Ислам аалымдарынын бир тобу балдардын жана акылдык жактан деффекти болгондордун да зекет бериши шарт эмес десе, башкалары тескерисинче аларды да милдеттүү деп эсептешет.
Жыйынтыктап айтсак, акыл-эси жайында эмес жана балагат жашына толбогондор ибадаттарда милдеттүү болбогондой эле, зекет берүүгө да милдеттүү эмес. Бирок, байлардын малында кедей-кембагалдардын акысы болгондугу (Заарият, 51/19) жана зекеттин байлардын карызы катары кабылдангандыгы себептүү балдар жана акылы толук болбогондор мукаллаф болбогон күндө да зекет берсе болот. Муну ата-энеси же аларды алмаштырган жактар (опекундары) жүзөгө ашыра алат.    

в. Бардар болуу

Ислам дини мусулмандарды ибадаттарды аткарууга милдеттүү кылууда алардын мал-мүлктүк, сак-саламаттык жана акылдык абалдарына же болбосо диндик амалдарды аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп-болбогонуна карайт. Эгерде кишинин мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда аны мажбурлап ибадат аткартуу динибиздин негизги пайдубалына карама-каршы иш. Мал-мүлк менен аткарылчу ибадаттар байлыкка эгедер киши үчүн гана шарт. Демек, зекет жана фитр-садага сыяктуу ибадаттар бардар мусулмандар тарабынан гана аткарылышы парз. Бирок, кимдер бай деп саналат деген маселеде түрдүү көз-караштар бар. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) кезегинде диний жагынан бардарлык өлчөмүн (зекетке таандык мал-мүлктөрдөн алына турган ченди) белгилеген. Бул чен-өлчөм «нисап» деп аталат.
Зекетке тиешелүү мал-дүйнөдөн канчалык бериле тургандыгы, ошондой эле, бул мал-мүлктөрдүн нисап өлчөмү тууралуу кийинки бөлүмдөрдө сөз кылабыз.

Бирок, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорундагы белгиленген чен-өлчөмдөрдүн бүгүнкү заман үчүн 100% туура келип-келбегендиги, башкача айтканда, бүгүнкү зекет өлчөмү кичинекей үй-бүлөнүн жылдык чыгашасын камсыздоо маселесинде жетиштүү болуп-болбогондугу ислам аалымдарынын арасындагы талаштуу маселе. Себеби, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) доорунда тийиштүү мал-мүлктүн бири-бирине дээрлик теңделгени айтылат. Мунун тескерисин айткандар да бар. Жыйынтыктап айтканда, бардарлык өлчөмүнүн жакырлык чектерине карата белгилениши назарга тутулган болуп калат. 

г. Эркин болуу

Зекет мал-мүлк мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондордун ада кыла турган (аткара турган) бир ибадат түрү болуп саналат. Мал-мүлктүк кудиретке жетүү үчүн үнөмдөө жана ээлик кылуу укугуна ээ болушу шарт. Демек, эркиндиги чектелген, бирөөгө көз каранды (кул) кишилердин зекет ибадатын аткарышы милдет эмес.            

2. Мал-мүлктө эске алына турган өзгөчөлүк

Азирети Мухаммеддин (с.а.в.) хадистеринен жана кылган-эткендеринен үйрөнгөнүбүздөй, бир мусулмандын зекет бериши үчүн тийиштүү мукаллафтык шарттар талап кылынгандай эле, зекет берилчү мал-мүлккө да тиешелүү шарттар бар. Алсак, өздүк мал-мүлк болушу, туумдук же көбөйүүчүлүк өзгөчөлүгү, нисап өлчөмүнө жетиши, кишинин карыздарынан жана негизги муктаждыктарынан артышы жана бир жыл толушу. Төмөндө бул шарттардын ар бирин ачыктайбыз.
 
а. Өздүк мал-мүлк болушу 

Өздүк мал-мүлк дегени – малдын чыныгы ээси болуу, каалагандай пайдалана билүү, башка бирөөгө тиешелүү болбошу дегенди түшүндүрөт. Эгерде мал-мүлккө толук кандуу кожоюндук акысы болбосо, башкача айтканда, башка бирөөнүкү болсо, анда зекет бере албайт.

б. Мал-мүлктүн көбөйүүчүлүк өзгөчөлүгү

Бир мал-мүлктүн зекет боло алышы үчүн туундулук өзгөчөлүгү; көбөйүүчү, өөрчүүчү маанисин түшүндүргөн «нама» өзгөчөлүгүнө ээ болушу керек. Бул мал-жандыктардын төлдөөсү болсо, ал эми, акча сыяктуу малдардын соода-сатыктагы көбөйүшү (туушу) болуп саналат. Алтын, күмүш өңдүү баалуу металлдарды да ушул категорияда карайбыз.

в. Нисап өлчөмүнө жетиши

Нисап – зекет, битир-садага жана курмандык чалуу сыяктуу ибадаттар үчүн белгиленген байлык өлчөмү. Башкача айтканда, «бай болуунун эң төмөнкү чеги» же «эң төмөнкү бардарлык өлчөмү» десек түшүнүктүү болот. Карызынан жана негизги муктаждыктарынан ашык мүлккө ээ болгон киши диний жактан бай эсептелет. Мындай болгон учурда малдын түрүнө жана бир жыл толуп-толбогонуна карабай фитр-садака берет, курмандык чалат. Нисап өлчөмүнө жеткен малдын көбөйүүчүлүк өзгөчөлүгүнүн болушу (туунду) жана ага бир жылдын толушу зекет берүүнү шарттайт. 

Имам Абу Ханифадан башка ислам аалымдары бардык мал-мүлктөн зекет берүү үчүн нисап өлчөмүнүн толушун шарт катары кошот. Ал эми, эгин аштыктары  маселесинде Абу Ханифа нисап өлчөмү шарт болбойт деген көз карашты билдирген.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бай болуунун эң минималдык өлчөмүн ар бир мал-дүйнөдө өз-өзүнчө көрсөткөн. Минималдык чектер ошол доордогу ислам коомунун жашоо шарттарын, стандарттарын жана байлык өлчөмүн көрсөтөт.
         
г. Негизги муктаждыктардан көп болушу

Исламда физикалык ибадаттарда болгону сыяктуу мал-мүлктүк ибадаттардан болуп эсептелген зекетте да мукаллафтын абалына маани берилет. Тактап айтканда, күчү жетпегендерге милдеттүүлүк жүктөлбөйт. 

Мусулмандын зекет жана фитр-садака берүүгө милдеттүү болушу үчүн (негизги муктаждыктарынан сырткары) нисап өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болушу шарт.

Бул жагынан алып караганда Кураны Каримдин, «...алар сенден (Алла жолунда) эмнени кайрымдуулук кылууну сурашат. («Муктаждыктарыңардан) ашыкчасын!», – деп айткын...» (Бакара, 2/219) маанисиндеги аятты негиз алган ислам аалымдары инсандын адал жолдор менен тапкан малынан өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн муктаждыктарынан ашканын Алла жолунда (зекет, фитр-садака же соопчулук иштерге) коротушу керектигин белгилешкен. Негизги муктаждык дегенибиз, кишинин өзүнүн жана камсыздоого тийиштүү болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн тиричилик үчүн муктаж болгон нерселери саналат. Буларга негизинен турак-жай, нафака (күнүмдүк азык-түлүк, кийим-кече жана ден соолук үчүн  коромжуланган каражат), улоо (бир ат же төө, машина), ошондой эле илим-билим, үй тиричилик буюмдары, кесипке байланыштуу каражат же машина, китептер, коопсуздук каражаттары, суу, отун-көмүр, коммуналдык кызмат жана башка ушул сыяктуу муктаждыктарга коротулчу каражаттар кирет. Мына ушулардын сыртындагы акча же мал-мүлктөн зекет берилет. Негизги муктаждыктардын социалдык-экономикалык өнүгүүгө, убакытка, мейкиндикке жана шартка карай өзгөрүшү мүмкүн экенин айтуу ашыкча болбойт.

д. Бир жылдын толушу 

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Бир жыл болмоюнча малда зекет болбойт» (Ибн Маажа. Зекат, 5) деген маанидеги хадисине жана хулафаи-рашидиндин (төрт калыйпа) амалдарын негиз туткан ислам аалымдары алтын-күмүш, акча, соода-сатык мүлктөрү жана малдан зекет чыгаруу үчүн  бир жыл өтүшү (хаваланул-лавл) шарт деп белгилешкен. 

Бир жылдын толушунда мал-мүлктүн жыл башындагы жана соңундагы санына маани берилет. Жылдын ортосундагы малдын азайып же көбөйүшүнө маани берилбейт. Бир жыл өткөн соң ошол эле санда (мисалы, 40 кой боюнча) калса, дагы бир жыл күтүлбөйт жана ошол жылдын эсебинен зекет чыгарылат. 

Жерден өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн зекети түшүм жыйноо мезгилинде эле берилгендиктен, бул түрдөгү аштыктардан «бир жыл» шарты каралбайт. 

Ал эми, баалуу металлдардын жана кокустан табылган казыналардын зекети да дароо берилет. Буларда да «бир жыл» шарты каралбайт.

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси