«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Аймактар | 06.03.2025
  • |

«Аммар ибн Ясир» мечитине жаңы килем төшөлдү

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын тапшырмасына ылайык, борбор калаадагы мечиттерди Ыйык Рамазан айына даярдоо жана жамаатка кызмат көрсөтүү иштери кызуу жүрүүдө. Анын алкагында 1-май районуна караштуу Ак-Босого конушундагы «Аммар ибн Ясир» мечитинин килеми жаңыртылды. Казыяттан билдиришинче, килем жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан атайын буйрутма менен Түркиядан алынып келинди.

Ошондой эле мечитке келген жамааттын саны көп болгонуна байланыштуу, мечиттин короосуна кошумча убактылуу навес жасалып, Рамазан айында таравих намазына жана ооз ачарга келе турган жамаатка шарттар түзүлдү.

Мечит имамы Мухамадин ажы Разыков демилгени ишке ашырган жергиликтүү азаматтарга ыраазычылык билдирди.