“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Аймактар | 21.02.2026
  • |

Кара-Кулжада Рамазан айына карата кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Дастан ажы Мамаев Рамазан айына карата жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Аталган кайрымдуулук иш-чарасында 15 үй-бүлөгө тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.

"Рамазан айында кайрымдуулук жасоо сооптуу иштерден болуп эсептелет. Кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүү үчүн колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз", – деди Дастан ажы Мамаев.