«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүндө жайгашкан "Камал-Ата" мечитинин имамы Нурбек Жалиевге айыл жаштары уюшуп, умра сапарына жолдомо белек кылгандыгын Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров билдирди.
"Нурбек дамла он жылдан бери "Камал-Ата" мечитинде имамдык кызматты аркалап келе жатат. Анын эмгегин баалап, айыл жаштары уюшуп, умра сапарына жолдомо белек кылгандыгы башкаларга да үлгү болсун. Бул жөрөлгө өлкө боюнча айыл жерлеринде жүрүп жаткандыгы баарыбызды кубандырат. Аллахым себепчи болгондордон ыраазы болсун", – деди Бекназар ажы Жапаров.