"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 30.04.2026
  • |

Нуридин ажы Мамасабиров Ат-Башы жана Нарындагы имамдарга жыйын өткөрдү

Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров Нарын району жана шаарынын, ошондой эле Ат-Башы районунун имамдары менен жыйын өткөрдү. 

Имамдарга багытталган чогулуш Нарын районунун жыйындар залында өттү. Жыйынга КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн жалпы кызматкерлери, Нарын районунун акими Залкарбек Каримов, Нарын районунун Аксакалдар Кеңешинин төрагасы Садыркул Нурманбетов катышты. 

Алгач диний өкүл Нуридин ажы эки ай ичинде мечиттин жана намазкананын документтери бүткөрүлбөсө, тиешелүүлөргө чара көрүлө турганын айтып өттү. Ошондой эле Президенттин №54 Жарлыгын аткарууга ылайык, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын күңгөй-тескейи айтылды. Ошону менен катар мечиттердин документ иштери менен айрым маанилүү иштер акимге айтылып, айыл өкмөт тарабынан карап берүүсү айтып өтүлдү. Аким Залкарбек Каримов имамдардын ар бир сунушун жазып алганын жана кээ бир маселелерди тез арада карап чыгууну тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берди.

Ушундай эле жыйын Ат-Башы районунда да уюштурулду. Жыйынга аким Мухтар Шербаев өзү катышып, Ат-Башы районундагы маселелерди угуп чыкты. Ат-Башы районунда да жогорку маселелер каралып, тиешелүү таршырмалар тапшырылды.

Бул эки жыйында өкүл Нуридин ажы Мамасабиров имамдардын иш алып баруусунда бардык жактан ыкчамдуулукту талап кылды. Мындан тышкары муфтият тараптан келген буйруктарды өз убагында кынтыксыз аткарууга чакырып кетти. Муну менен катар, өзгөгө айтарда адам өзү үлгү болушу керектигин, себеби айтуучу ката кетирсе, башкаларды тыюу кыйынга турарын баса белгиледи.

Жыйын соңунда имамдар айтылган маселелерди чечип берүүнү жана даталуу кундөрдө көп жылдык кызматы бар имамдарды да сыйлыкка көрсөтүп турууну акимдерге айтып өттү. Ушуну менен Нуридин ажы Мамасабировдун райондор арасындагы диалог форматындагы жолугушуусу соңуна чыкты.