"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 07.05.2026
  • |

Сузакта жаш өспүрүмдөр арасында райондук Куран жарышы өткөрүлдү

Кечээ, 6-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаш өспүрүмдөр аралык райондук Куран жарышы өткөрүлдү. Иш-чара маркум Маматов Атакелди ажынын жаркын элесине арналды.

Куран жарышына райондун аймагынан келген жаш карылар катышып, Куранды көркөм, так жана эрежелерине ылайык окуу боюнча өз ара күч сынашты. Жарыш 1 пара, 5 пара жана 10 пара категориялары боюнча өттү.

10 пара категориясы:
1-орун – 25 000 сом
2-орун – 15 000 сом
3-орун – 10 000 сом

5 пара категориясы:
1-орун – 15 000 сом
2-орун – 10 000 сом
3-орун – 6 000 сом

1 пара категориясы:
1-орун – 10 000 сом
2-орун – 5 000 сом
3-орун – 4 000 сом

Иш-чарада Куран окуунун улуулугу, коомдогу руханий баалуулуктарды бекемдөө жана ысырапкорчулукка жол бербөөнүн мааниси тууралуу кеңири баяндамалар жасалды.

Аймактык диний өкүлчүлүктөн маалымдашынча, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгын жана Азирети Муфтийдин тапшырмасын аткаруу алкагында уюштурулган. Мындай саамалыктар эл арасында руханий биримдикти бекемдеп, сооптуу иштерди көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.