«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
📢 2026-жылы кезекте калган ажылык талапкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүк берилди
Ведомстволор аралык комиссиясынын 5-протоколдук жыйынынын чечимине ылайык, 2026-жылы кезекте калган ажылык талапкерлерге байланыштуу чечим кабыл алынды.
14–20-август аралыгында “Ажылык” тиркемеси аркылуу каттоо жүргүзүлүп, 2026-жылы кезекте калган ажылык талапкерлер каттоодон өтүп, акча төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок айрым талапкерлер катталууга жана акча төлөөгө жетишпей калгандыктан, аларга кошумча мүмкүнчүлүк берилди.
Комиссиянын чечимине ылайык аларга 23-август, саат 23:59га чейин каттоону аяктоого уруксат берилди. Белгиленген мөөнөттө катталбаган жарандар тизмеден чыгарылып, кезеги жокко чыгарылат. Ошондой эле, аларга 25-август, саат 09:00дө жаңыдан акча төлөп, катталууга мүмкүнчүлүк бар.
Бул чечим 2026-жылдагы ажылык талапкерлердин кезегин тактоо жана 2027-жылдагы каттоону ачык-айкын жүргүзүү максатында кабыл алынды.