"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 15.04.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров белгилүү аалым Алауддин Мансурдун кабырын зыярат кылды

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Өзбекстанга болгон сапарынын алкагында белгилүү аалым Алауддин Мансурдун кабырын зыярат кылып, рухуна багыштап Куран окуду.

Дин аалымы Алауддин Мансур тууралуу

Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун атактуу аалымдарынан илим алган. 

Аалым Алауддин Мансур 1990-92-жылдары биринчилерден болуп Курани Каримдин маанилерин өзбек тилинде чечмеленген котормосун чоң жоопкерчилик менен жүзөгө ашырды. Анын котормосу Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо «эң жакшы» деп табылган. Китеп 1990-1993-жылдары алгач «Шарқ юлдузи» журналында, кийин «Гафур Гулам» жана «Чолпон» басмаканасында бир миллион нускада басылды. 2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани Каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, устатыбыз Алауддин Мансур Курани Каримдин маанилерин алгачкы ирет Кыргыз тилине которду. 

Кийин аалымдын белгилүү өзбекче котормосу казак, түркмөн, каракалпак жана уйгур тилдерине которулуп, миңдеген нускада басылып чыкты. Устатыбыз Алауддин Мансурдун «Имам Аъзам улуу имамыбыз» аттуу чыгармасы да жарык көрүп, ал китеп кыргыз, өзбек, казак, уйгур жана орус тилдеринде басылган. Андан соң имам Аъзам мазхабындагы улуу аалымдардан болгон Алауддин Касанийдин он томдук "Бадоеус-саноеъ" китебинин "Даарат" жана "Намаз" китептерин да араб тилинен которуп, бул китептер Ош жана Ташкент шаарларында көп миңдеген нускада басылган.

Соңку учурларда устатыбыз Алауддин Мансур Курани Каримди мүмкүн болушунча кененирээк тафсир кылуу менен алек болуп келген. Кийин Алауддин Мансурдун «Қуръани Азим» тафсиринин 17 тому жарык көргөн.