«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 12.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Чикагодогу кыргыз мектебине барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарындагы кыргыз мектебине барды.

Иш-чарага Кыргызстандан барган коомдук, диний жана илимий ишмерлер да катышты. Алардын катарында:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташыбеков;

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;

Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов;

Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев болду.

Сапардын алкагында коноктор мектепте билим алып жаткан окуучулардын сабактарына катышып, алардын окуу процесси менен таанышты. Ошондой эле жаш жеткинчектер менен баарлашып, аларга жакшы тилектерин айтып, маанайларын көтөрүштү.