Алланын элчиси (с.а.в.) айтты: «Күчтүү момун алсыз момунга караганда Аллага жагымдуураак жана сүйүктүүрөөк...» (Муслим)
Общество | 12.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Чикагодогу кыргыз мектебине барды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров АКШнын Чикаго шаарындагы Kyrgyz community center борборуна барды.

Иш-чарага Кыргызстандан барган мамлекеттик, коомдук жана диний кызматкерлер да катышты. Алардын катарында:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов болду.

Сапардын алкагында коноктор мектепте билим алып жаткан окуучулардын сабактарына катышып, алардын окуу процесси менен таанышты. Ошондой эле жаш жеткинчектер менен баарлашып, аларга жакшы тилектерин айтып, маанайларын көтөрүштү.